Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Камактагы укук коргоочу Камилжан Рузиев ачкачылык жарыялады


Камилжан Рузиев
Камилжан Рузиев

Караколдук укук коргоочу жана активист Камилжан Рузиев негизсиз кармалганы үчүн ачкачылык жарыялаганын анын уулу Азат Рузиев кабарлады. Анын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, атасын 29-май күнү кечки саат 20:00дөр чамасында Улуттук коопсуздук кызматынын жергиликтүү кызматкерлери кармаган.

"Азыр атамдын акыбалы начар, үйдөгүлөр алып барган тамакты да албай, ачкачылык жарыялады. Болгону такай ичкен дарыларын гана алыптыр. Атама келген "Тез жардам" кызматы кан басымы түшүп кеткенин айтыптыр. Ошондой эле эртең баш коргоо чарасы каралат экен, бирок сот жабык өтөт дешти", - деди Азат Рузиев.

Ал кошумчалагандай, атасы акыркы 20 жылдан бери кыйноого кабылган адамдардын укугун коргоп келген, 2006-жылы жана 2017-жылы анын өмүрүнө кол салуу болгон.

Азат Рузиев атасынын күнөөсү жок экенин айтып, ага карата козголгон Жазык кодексинин “документтердин жасалмасы” жана “алдамчылык” беренелеринин негизинде ачылган ишти “эмне үчүн Ички иштер министрлиги эмес, Улуттук коопсуздук комитети иликтеп жатат” деген да суроо салган.

Ысык-Көл облусунда укук коргоочу Камилжан Рузиев кармалганын 30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Рузиев "жасалма документ жасоо" фактысы боюнча айыпталып жатат.

Укук коргоочу Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Атайын кызмат “Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам тергөө ишин жүргүзүп жатат” деп маалымдады.

Рузиев буга чейин ички иштер органдарындагы абалды сындап келгени белгилүү. Жергиликтүү «Саясий репрессияга каршылык комитети» уюму да билдирүү таратып, Кыргызстанда жарандык коомдун күч жана муниципалдык органдардагы жемкорлук тууралуу ачык айтып чыккан өкүлдөрүнө карата "чагым аракеттери жүрүп жатканын" белгиледи.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова да активисттин ишин көзөмөлгө ала турганын билдирди.(KS)

XS
SM
MD
LG