Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Өзбекстан карантин мөөнөтүн 15-июнга чейин узартты


Өзбекстан. 28.05.2020
Өзбекстан. 28.05.2020

Өзбекстандын өкмөтү коронавируска байланыштуу жарыяланган карантиндин мөөнөтүн 15-июнга чейин узартты. Бирок кээ бир аймактарда “эпидемиологиялык кырдаалга жараша” чектөөлөр алынмай болду.

30-майда Коронавируска каршы штаб 5-июндан тартып Өзбекстандын футбол боюнча чемпионаты уланарын, бирок оюндар күйөрмансыз өтөрүн билдирди.

8-майда Өзбекстандын аймактары COVID-19дун жайылышына карата атайын зоналарга бөлүнгөн.

1-июндан тартып анча кооптуу эмес деген зоналарда риелторлор, маркетинг, жарнама ишканалары, айдоочуларды окутуу борборлору, коомдук тамактануу жайлары иштей баштайт. Спортзал, курорт, балдар лагери саяктуу жайларга жана тойлорду өткөрүүгө да уруксат берилгени жатат, бирок бийлик санитардык эрежелер сакталышы керектигин эскертүүдө.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул өлкөдө коронавирус 3513 адамга жукту, алардын 14ү каза тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG