1-июнда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Түндүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 29…34;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 10…15;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 31…33 градус болот.