Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Июнга пландалган G7 саммити сентябрда өтмөй болду


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп "Чоң жети" (G7) уюмунун саммити июнь айынан сентябрга которулуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Германиянын канцлери Ангела Меркел коронавирус эпидемиясына байланыштуу июнга пландалган жыйынга катыша албай турганын айткандан кийин жарыялады.

Трамптын айтымында, саммит сентябрда же андан кийин өтөт, так күнү азырынча белгисиз. Жыйын июнь айында Кэмп-Дэвид резиденциясында өткөрүлмөк.

АКШ президенти саммитти башка убакытка которуу чечимин коронавируска гана байлабастан, G7 азыркы форматында “өтө эскирген топко” айланганы, “дүйнөдө эмне болуп жатканы жөнүндө толук түшүнүгү жоктугу” менен түшүндүрдү.

"Чоң жетинин” курамына дүйнөнүн индустриалдык жактан өнүккөн ири демократиялык өлкөлөрү – АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия, Жапония, Канада жана Италия мүчө. Трамп алардан тышкары саммитке Австралия, Орусия, Түштүк Корея жана Индия катышуусу зарыл деп эсептей турганын айтты. Соңку кездери мамилеси салкындап калган Кытай тууралуу Трамп эч нерсе деген жок.

Орусия да 2014-жылы Крымды аннексиялап алганга чейин бул уюмдун мүчөсү болчу. Орус бийлиги Крым үчүн айыптоолордун баарын четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG