Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Белгилүү беларус оппозиция лидери Статкевич кармалды


Николай Статкевич.
Николай Статкевич.

Николай Статкевичти оппозициячыл блогер Сергей Тихановскийдин кармалышына каршы нааразылык акцияга катышуу үчүн Минскиге келе жатканда кармап кетишти. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоого Статкевич менен Тихановский баштаган оппозициячыл маанайдагы бир катар адамдарды каттабай койгон.

Сергей Тихановский менен анын айрым санаалаштары 29-майда Гродно шаарындагы уруксат берилбеген митингге катышты деген айып менен камакка алынган.

Минскиде дагы бир катар шаарларда 31-майда Тихановскийдин бошотулушун, президенттик шайлоого оппозициячыл саясатчылардын талапкер катары катталышын талап кылган нааразылык акциялары өттү. Бул митингдерде Сергей Тихановскийдин жубайы Светлананы президенттик шайлоого катыштыруу үчүн кол топтоо акциясы жүрдү.

Беларуста президенттикке талапкер болгусу келген адам кеминде 100 миң кол топтошу керек.

Николай Статкевич 2010-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Александр Лукашенкого атаандаш болгон жана добуш берүү мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып чыккан. Шайлоодон кийин бир катар нааразылык акцияларды өткөргөн. Буга байланыштуу камакка алынып, трүрмөдө беш жыл отуруп чыккан.

Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко бул шайлоодо да талапкерлигин коёрун билдирген.

XS
SM
MD
LG