Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-июль, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 01:23

Укук коргоочу Камил Рузиев эки айга үй камагына алынды


Камил Рузиев, укук коргоочу.

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаардык сотунун судьясы Альгиз Шүкүралиев укук коргоочу Камил Рузиевдин бөгөт чарасын карап, 29-июлга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Укук коргоочу соттун чечимине нааразы экенин билдирип, жогорку сот бутагына кайрыларын "Азаттыкка" берген маегинде айтты. Рузиев өзүнүн камалышын күч кызматтары укук коргоочулук ишмердигине бут тосуу үчүн атайылап жасап жатат деп эсептейт.

Мурдараак Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) укук коргоочу Камилжан Рузиевди 29-июлга чейин үй камагына алууну соттон сураганы кабарланган.

Укук коргоочу, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Камилжан Рузиев кармалганын УКМК 30-майда кабарлап, сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелеринин негизинде катталганын маалымдаган. Сот "Алдамчылык" беренесин иштен алып салды. Укук коргоочу Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Рузиев буга чейин ички иштер органдарындагы абалды сындап келгени белгилүү. Өткөн айда ал Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлеринин Саламаттык сактоо министрлигине коронавируска каршы күрөш боюнча кайрылуусун «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыялаган. (KS)

XS
SM
MD
LG