Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

“Крю Дрэгон” кемеси Эл аралык космос станциясына жалгашты


Илон Маск.
Илон Маск.

Америкалык ишкер Илон Масктын "SpaceX" корпорациясы эки астронавт менен учурган “Крю Дрэгон” кемеси Эл аралык космос станциясына жалгашты. Кеме жалпысынан 19 саат бою учту жана баары буга чейин пландалгандай өттү.

"Falcon 9" ракетасына орнотулган "Крю Дрэгон" кемесинин бортунда 49 жаштагы Роберт Бенкен жана 53 жаштагы Даглас Хёрли Флориданын Канаверал кысыгындагы космодромдон 30-майда космоско учушкан.

Хёрли менен Бенкен Эл аралык космос станциясында 30 суткадан 119 суткага чейин болору айтылган жана экспедициянын так мөөнөтү жакында белгилүү болмокчу.

27-майда аба ырайынын начардыгынан “Крю Дрэгон” учпай калган.

2011-жылы "Space Shutlle" программасы токтотулгандан бери АКШнын аймагынан Эл аралык космос станциясына экипаж учурулган эмес. Соңку тогуз жыл бою америкалыктар Орусиянын "Союз" ракеталарынын бортунда учуп келишкен.

XS
SM
MD
LG