Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды эки тарап биргелешип көзөмөлдөйт


Жаңжал чыккан жерге келген күч кызматкерлери. Баткен облусу, Кадамжай району, Чечме айылы. 31-май, 2020-жыл.
Жаңжал чыккан жерге келген күч кызматкерлери. Баткен облусу, Кадамжай району, Чечме айылы. 31-май, 2020-жыл.

Бул чечим 31-майдагы Чечме булагына байланыштуу чыккан жаңжалдан кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүндө кабыл алынды.

Сүйлөшүүгө Кыргызстан тараптан кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбай Максүтов, Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров, ал эми Өзбекстан тараптан Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев менен Сох районунун акими катышкан.

Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сүйлөшүүдө тараптар аймакта кырдаалды жөнгө салууну чечишкен. Ал үчүн эки тараптын күч түзүмдөрү чогуу чек арадагы жаңжалды токтотуп, тараптардын мыйзамсыз аракеттерине жол бербөөнү сүйлөшкөн.

Жаңжал чыккан жерде жүргөн кабарчыбыздын маалыматына караганда, учурда эки тараптан тең таш атышуу токтоду. Милиция элди таратууга аракеттенүүдө. Чечмеге облустун башка аймактарынан кошумча милиция тартылып жатканы кабарланды.

Баткен облустук бийлигинин басма сөз кызматы бүгүнкү окуя тууралуу: "Бүгүн 31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак катталып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда, "булак бизге таандык" деп сөз талашып чырдаша кеткенде чыккан.

Эки тараптан тең бир нече адамга таш тийип, "Тез жардам" кызматынын жардамын алган. Бир киши башына тийип, ооруканага жеткирилген.

Өзбекстандын чек ара кызматы да бул окуя боюнча билдирүү таратып, "кырдаал толук көзөмөлдө" деп маалымдады. "Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох районундагы Чечме булагында кыргызстандыктар менен өзбекстандыктар ортосунда жаңжал чыкты. Бул кырдаалды чечүү үчүн чек арада эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтеринин жооптуу адамдары жолугушту. Учурда кырдаал көзөмөлдө. Жаңжалдын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат" деп жазылган билдирүүдө.

Таш атышуудан жаракат алгандар бар экени тууралуу Өзбекстандын соцтармактарында жазылып чыкты, бирок расмий маалымдалган жок.(ZKo/JsA)

XS
SM
MD
LG