Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Чечмедеги жаңжалда жаракат алган эки кишинин абалы оор


Чечме, 31-май, 2020-жыл.

Чечмедеги жаңжалда жаракат алган эки кишинин абалы оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги “Фейсбуктагы” расмий баракчасында маалымдады. Маалыматка караганда, 31-май күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакта жаракат алган 15 адам Айдаркен шаардык медициналык борборуна кайрылышкан. Алардын ичинен төртөө түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган, экөөнүн абалы оор. Калгандары медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кетишкен.

Маалыматта “жаңжал чыккан жерде эки “Тез жардам” бригадасы нөөмөттө турат. Аларга көмөк көрсөтүүгө Баткен облустук ооруканасынан реаниматолог менен травматолог адистер саламаттык сактоо боюнча облустук координатор менен бирге Чечмеге чыгып кетишти” деп жазылган.

«Озодлик» радиосу таш атышуудан 16 өзбекстандык жараат алып, ооруканага кайрылганын Сох районунун тургунунун маалыматына таянып жазды. Өзбекстан муну расмий бышыктай элек.

31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда "булак бизге таандык" деп, сөз талашкандан чыккан.

Өзбекстандын чек ара кызматы да бул окуя боюнча билдирүү таратып, "кырдаал толук көзөмөлдө" деп маалымдады. "Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох районундагы Чечме булагында кыргызстандыктар менен өзбекстандыктар ортосунда жаңжал чыкты. Бул кырдаалды чечүү үчүн чек арада эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтеринин жооптуу адамдары жолугушту. Учурда кырдаал көзөмөлдө. Жаңжалдын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат" деп жазылган билдирүүдө. (ZKo/JsA)

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG