АКШда Акүйдүн жанына нааразылык акциясына чыккандарды полиция көздөн жаш агызчу газ менен таратууда. Ошол эле учурда демонстранттар полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышууда. ТАССтын маалыматына караганда, демонстранттар Вашингтондун борборун аралап, өткөн аптада полиция участогунда набыт болгон ынды кара Жорж Флойддун атын атап кыйкырышкан. Алар расалык теңсиздикти токтотууну талап кылышууда.
Мурдараак Вашингтондун мэри Мюриэл Боузер шаарга коменданттык саат киргизген. Мындан тышкары кырдаалды тынчытууга Улуттук гвардияны тарткан.
25-майда Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн ынды кара адамдын өлүмү Америкада дээрлик бир жумадан бери нааразылык акцияларына себепкер болду. Бир нече штаттарда жана шаарларда тынч демонстрациялар башаламандыкка айланды. Айрым штаттарда коменданттык саат жарыяланды.
46 жаштагы Флойд 25-майда полиция кызматкерлери кармап кеткенден кийин ооруканада каза тапкан. Социалдык тармактарда тараган видеодо колуна кишен салынган Флойддун жерде жатканын, аны полиция кызматкери тизеси менен мойнунан басып турганын көрүүгө болот. Флойд бир нече жолу дем ала албай, думугуп баратканын айткан. Анын өлүмүнүн негизги себеби аныктала элек.
Флойд жалган документ жасоого шек саналып кармалган. Ал колго түшкөн маалда куралы болгон эмес.
ФБР афроамерикалыктын өлүмүн иликтей баштагандан кийин төрт полиция кызматкери жумуштан бошотулду. Миннеаполистин мэри Жейкоб Фрей да аларды жазалоону талап кылууда.
Флойддун өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциялары 26-май күнү Миннеаполис шаарында башталып, кийинки күндөрү АКШнын ондогон шаарларын каптаган. Демонстранттар полиция бөлүмүнүн имаратынын алдына чогулуп, айрымдары тартип сакчыларына таш ыргытышкан. Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Бул арада вандализм, дүкөндөрдү өрттөө жана талоончулук фактылары да катталууда.
«Associated Press» агенттигинин маалыматына караганда, акыркы үч күндө башаламандыкка катышкан 1,7 миң адам кармалган.