Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Азимжан Аскаровдун доо арызы боюнча соттук териштирүү болот


Азимжан Аскаров сотто. Иллюстрациялык сүрөт.
Азимжан Аскаров сотто. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 1-июнда Бишкек шаардык административдик сотунда учурда абакта отурган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө каршы административдик доосу боюнча алгачкы отурум болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди.

Азимжан Аскаров «кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске албай жатат» деп Бишкектин район аралык сотуна арызданган. Сот 11-майга белгиленип, бирок район аралык сот жоюлуп кеткенине байланыштуу каралбай калган.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, аны эркиндикке чыгарууга үндөп келет. Аскаров өзү күнөөсүз экенин билдирип жүрөт. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG