Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районуна барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, ал кыргыз-өзбек чек арасына чектеш аймакта чыккан окуя боюнча Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу өткөрөт.
Ошондой эле Боронов укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен ыкчам кеңешме өткөрөт.
Өкмөттүн маалыматына караганда, учурда абал жөнгө салынды. Кыргыз өкмөтү коопсуздук чараларын күчөттү.
31-майда кыргыз-өзбек чек арасында чыккан чатактан Кыргызстан тараптан 15 адам түрдүү жаракат алып, дарыгерлерге кайрылганын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Өзбекстан тараптан да жаракат алгандар бар экени айтылууда. Сохтук тургун «Озодлик» радиосуна 16 адам түрдүү жаракат алганын кабарлаган, расмий маалымат айтыла элек. (RK)