Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

УКМК: Ошто «Хизб ут-Тахрирдин» жигердүү мүчөсү кармалды


УКМК тараткан сүрөт. 1-июнь, 2020-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунда коңшу өлкөдө экстремизм үчүн издөөдө жүргөн 49 жаштагы адам кармалганын кабарлады. Мекеме тараткан маалыматта ал «Хизб ут-Тахрир» уюмунун жигердүү мүчөсү экени жана Борбор Азия аймагында экстремисттик материалдарды жайылтууга жооптуу болгону айтылды.

«Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда ноутбук, интернет-модемдер, чөнтөк телефондор жана сим-карталар табылды. Бул материалдар сотко чейинки териштирүүнүн негизинде Жазык кодексинин «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты араздашууну козутуу» фактысы боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», - деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда аны жоопко тартыш үчүн белгиленген тартипте шериктеш компетенттүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү маселеси каралып жатат.

«Хизб ут-Тахрир» уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун токтому менен 2003-жылы экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында расмий түрдө тыюу салынган.

Жалпысынан Кыргызстанда 21 уюмдун ишине тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG