Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 23:51

Индиядан 16 кыргыз жараны кайтып келди


Иллюстрациялык сүрөт.

16 кыргыз жараны Индиядан кайтып келди. 1-июнда «Манас» эл аралык аэропортуна «Air India» авиакомпаниясынын Дели-Бишкек чартердик каттамы боюнча учак келип конду. Ал учакты Индия өз жарандарын алып кетиш үчүн жөнөткөнүн Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Кайтып келгендер коронавируска байланыштуу убактылуу обсервацияга алынууда.

COVID-19 пандемиясынан улам дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө чек аралар жабылып, авиакаттамдар убактылуу токтогон.

Буга чейин Индияда карантин эрежесин бузган 30дан ашуун кыргыз жараны камакта отурганы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG