Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:02

Ысык-Көл облусунда студенттин өлүмү иликтенүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы студенттин өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу 1-июнда «Азаттыкка» облустук ички ишкер башкармалыгы кабарлады.

Милиция студент өз жанын өзү кыйган деп божомолдоп жатат.

Окуя 30-май күнү Пристань-Пржевальск айылында болгон. 17 жаштагы жергиликтүү тургун дайынсыз жоголуп, туугандары издей баштаган. Ошол күнү кечке жуук ата-энеси уулунун сөөгүн сарайдан тапкан.

Быйыл март-апрель айларында Ысык-Көл облусунда каза болгон беш өспүрүм боюнча ишти милиция суицид деп мүнөздөдү.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Кыргызстанда 2019-жылы 46 өспүрүм жанын кыйганы айтылган. (KS)

XS
SM
MD
LG