Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Президенттин атынан балдарга белек берилди


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ата-энесинен ажыраган 20 балдарга президент Сооронбай Жээнбековдун атынан белектер тапшырылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Белек алган балдар ар кайсы аймактардан жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Мээрим» теледолбооруна катышкандар. Президенттин атынан аларга берилген ноутбуктарды аймактагы жетекчилер жеткиришти.

«Мээрим» теледолбоорунун дагы беш катышуучусу президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда белекти алды.

Президенттин жарлыгы менен быйылкы жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп жарыяланган.

Ага ылайык, ата-энесиз, камкордуксуз калган, оор турмушта жашаган, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдети катары аныкталган.

1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата Кыргызстан балдарынын алгачкы онлайн саммити өттү. (NT)

XS
SM
MD
LG