Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23

Боронов менен Арипов чек арадагы соңку окуяны талкуулады


Кыргыз-өзбек сүйлөшүүсү. 1-июнь, 2020-жыл.
Кыргыз-өзбек сүйлөшүүсү. 1-июнь, 2020-жыл.

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтү чек арадагы соңку окуяны биргелешип иликтейт жана күнөөлүүлөр жоопко тартылат. Бул тууралуу 1-июнда Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда жолугушкан Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов макулдашты.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Боронов менен Арипов «окуяга байланыштуу өкүнүч билдирип, жагдайды жөнгө салуу боюнча биргелешкен чара көрүү, эскалацияга жол бербөө жана чектеш аймактарда чыңалууну жоюу тууралуу пикирлерин айтышты».

31-майда Баткенде, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чуудан Кыргызстандын 25 тургуну жабыркап, төртөө ооруканада жатат. Алардын экөө реанимацияда, абалы оор. Өзбекстан тараптан да жаракат алгандар бар экени айтылууда. Сохтун тургуну «Озодлик» радиосуна 16 адам түрдүү жаракат алганын кабарлаган, расмий маалымат айтыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG