Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев каза болду


Баатыр Жалиев.

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, живописчи, график Баатыр Жалиев 85 жаш курагында дүйнө салды. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-майда Ош шаарында өтүп, ага мэр Таалайбек Сарыбашов катышып, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун атынан көңүл айтты.

Президенттин расмий сайтына жарыяланган эскерүүдө «Баатыр Жалиевдин көркөм сүрөттөрү республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга арзыган. Сүрөтчүнүн чыгармалары Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда сакталып турат. Жалиев графика жаатында мыкты картиналардын циклин жаратты. Сүрөтчүнүн дүйнөтаанымы, көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте каларлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн» деп жазылды.

Жалиев 1935-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылында туулган. 1964-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1968-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. 1977-1982-жылдары Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген. (RK)

XS
SM
MD
LG