Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:48

Боронов чек арадагы чатактан жабыркагандардан кабар алды


Кыргыз-өзбек сүйлөшүүсү. 1-июнь, 2020-жыл.
Кыргыз-өзбек сүйлөшүүсү. 1-июнь, 2020-жыл.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 31-майда кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакта жабыркап, учурда ооруканада жаткан жарандардан кабар алды. Дарыгерлер вице-премьер-министрге жарандардын акыбалы тууралуу маалымат беришти.

Кубатбек Боронов чатакта жабыркаган жарандарга жакшылап көңүл бөлүп, дарылоону жана аларды зарыл дары-дармек менен камсыз кылууну тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлиги Чечмедеги чатакта 25 киши жаракат менен Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылганын билдирди. Алардын төртөө ар кандай жаракат менен стационарда дарыланып жатканы, анын экөө операциядан кийин оор абалда экени маалым болду. Калган 21 адам алгачкы медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө чыгарылды.

31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавынын Чашма айылынын тургундары чырдаша кетип, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда «булак бизге таандык» деп сөз талашкандан чыккан.

«Озодлик» радиосу жаңжалдан улам өзбек тараптан 16 адам түрдүү жаракат алып, ооруканага кайрылганын Сох районунун тургундарынын маалыматына таянып жазды. Өзбекстан муну расмий бышыктай элек.

Бул окуяга байланыштуу 1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жолугушту. Сүйлөшүүнүн натыйжасында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтү чек арадагы соңку окуяны чогуу иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну макулдашты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG