Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Путин конституция боюнча референдумду 1-июлга белгиледи


Путин видео жыйын өткөрүүдө. Москва облусу, 1-июнь, 2020-жыл.
Путин видео жыйын өткөрүүдө. Москва облусу, 1-июнь, 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин конституциялык өзгөртүүлөр боюнча жалпы элдик референдумду 1-июлда өткөрүүнү чечти. Бул тууралуу президент 1-июнда түзөтүүлөрдү даярдаган топтун жетекчилери менен жыйында билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова бул датаны колдоду жана элдин көп топтолушунун алдын алыш үчүн добуш берүү алты күн мурун башталарын айтты. Төрайымдын айтымында, 2-3 аймакта балким электрондук добуш берүү уюштурулат.

Путин референдумду 24-июнда уюштуруу жөнүндө сунуш түшкөнүн, бирок Жеңиш күнүнө арналган парад болорун, эки окуяны аралаштырбоону чечкенин кошумчалады.

1-июль эс алуу күнү болмокчу.

Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова «эпидемиянын кескин көтөрүлүү баскычы» өткөнүн, инфекциялангандар көбөйүш ыргагы басаңдаганын белгиледи.

Өзгөртүүлөрдүн бири Путинге 2024-жылдан кийин да 12 жыл бою бийликте калууга жол ачат. Демилге Орусиянын бир катар шаарларында нааразылык акцияларына алып келген. 67 жаштагы Путин өлкөнү 20 жылдан ашык жетектеп келатат.

Түзөтүүлөр күчүнө кириши үчүн аны добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбү колдого тийиш. Референдум адегенде 22-апрелге белгиленип, бирок пандемиядан улам кийинкиге жылган.

XS
SM
MD
LG