Технология, банк, мода жана шоу-бизнес тармагында иштеген америкалык белдүү компаниялар расалык теңсиздикке каршы чыккандарды колдошууда.
«Америка үнү» маалымдагандай, «Netflix» компаниясы «Твиттердеги» баракчасына «унчукпай коюу - кошулууга барабар» деп жазып, компанияда иштеген афроамерикалыктар үчүн расалык теңсиздикке каршы чыккандарды колдоону өзүнүн милдети катары билдирди.
«Google» башкы бетине расалык теңсиздикти колдоону билдирүүсүн жарыялады.
«Twitter» өзүнүн расмий аккаунтуна #BlackLivesMatter – «Кара терилүүлөрдүн жашоосу маанилүү» деген хештэг киргизди.
«Citibankтын» каржылык директору, афроамерикалык Марк Мэйсон: «Расизм - жалпы элдин оорусу жана биздин коомчулуктагы эң жаман көрүнүш», - деп билдирди.
Акыркы күндөрдөгү башаламандыкта дүкөндөрү эң көп тонолгон «Target» ишканасы да демонстранттарды колдоду. Ишкананын Миннеаполис шаарындагы баш кеңсесинин директору: «Жорж Флойддун өлүмү - жылдап жыйналган ооруну ачыкка чыгарды», - деп айтты.
«Nike» компаниясы «Твиттерде» видеороликте «Расизмге көз жумбагыла. Күнөөсүз адамдарды өлтүрүүгө жана шылтоолорго жол жок» деп жазды. Анын атаандашы - «Adidas» компаниясы бул твит менен бөлүштү.