Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып, «Озодлик» сайты жазды. Маалыматка караганда расмий Ташкент Хуршид Мирзахидовду Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындады жана жаңы элчи Бишкекке 30-майда келди.
Хуршид Мирзахидов 49 жашта. Мурда Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясын жетектеген. Маалыматтык технологиялар жана байланыш министри болгон.
Мурдагы элчи Камил Рашидовдун дипломатиялык миссиясы 2019-жылы августта аяктаган. Ал Кыргызстанда 2012-жылдан баштап иштеген. (ZKo)