Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:46

Ош-Новосибирск жана Бишкек-Москва багытында учак каттайт


Екатеринбург-Бишкек каттамындагы чартердик учак. «Манас» аэропорту. 28-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Екатеринбург-Бишкек каттамындагы чартердик учак. «Манас» аэропорту. 28-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги өзүнүн сайтына жакында боло турган каттам тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 7-июнда саат 17:45те Ош-Новосибирск багытында учак каттамы уюштурулган.

Учакка Новосибирск, Томск, Кемеровск, Омск, Иркутск облустарына, Алтай крайына, Алтай республикасына, Красноярскиге, Тыва жана Хакасияга кетүүчү адамдар отургузулат. Элчиликтин маалыматына караганда, учакка билеттер мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталы аркылуу катталган жарандарга гана сатылат.

Ошондой эле 7-июндагы Бишкек-Москва багытында авиакаттамга да жогоруда аталган порталга катталгандар түшө алышат. Алар Москва шаарына, Москва облусуна, Санкт-Петербург шаарына, Ленинград, Владимир, Иваново, Калуга, Рязань, Смоленск, Тверь, Тула, Ярославск, Брянск, Орел, Липецк, Тамбов, Воронеж, Курск, Псков, Новгород, Вологда, Кострома, Нижегородск, Пенза, Ульянов, Калининград облустарына, Карелия жана Мордовия республикаларына кетүүчү жүргүнчүлөр болууга тийиш.

Орусия элчилигинин сайтындагы маалыматтарга караганда, 7-июнда уюштурулуп жаткан Ош-Новосибирск жана Бишкек-Москва багытындагы учактарга орус жарандыгы барлар гана билет ала алышат.

Кыргыз өкмөтү буга чейин Орусиядан келе албай жаткан кыргызстандыктар үчүн бир нече жолу чартердик каттамдарды уюштурган. Новосибирск, Екатеринбург, Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан келген чартердик каттамдар кайра бортуна Орусиянын жарандарын алып кетип жүргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG