Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Коронавирус дагы 28 адамдан жаңы табылды, бир бейтап кайтыш болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 2-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын көбү Ош шаарында - 16 адам. Мындан тышкары Бишкек шаарында 11, Нарын облусунда бир адам.

1-июнда Нарын шаарында коронавирус жуккан 79 жаштагы аял бейтап каза тапты. Анын эски оорулары өтүшүп кеткени аныкталды.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 38 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 18-марттан 2-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1845 адамдан табылды, алардын ичинен 17 бейтап кайтыш болду, 1219 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG