Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

COVID-19: Кыргызстанда дагы бир бейтап кайтыш болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы бир бейтап ооруканада кайтыш болду. Бул тууралуу 2-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, 1-июнда Нарын шаарында 79 жаштагы аял бейтап каза тапты. Анын эски оорулары өтүшүп кеткени аныкталды:

«Нарын облустук ооруканасында 13-майдан бери дарыланып жаткан. Диагноздору өтө көп болчу. 29-майда реанимацияга келип кеткен. 30-майда пневмония табылып, күмөн пайда болгондуктан инфекциялык госпиталга которулган. Кычкылтек концентраты бериле баштаган. Бирок 1-июнда абалы кескин курчуп кетип, начарлап, биз көрүп жаткан медициналык чараларга карабастан жүрөгү токтоп, каза болуп калды. Диагнозу - аябай оор пневмония, дем алуунун жетишсиздиги, мындан тышкары, мурда ишемиялык инсульт болгон экен, ошонун кесепети, мээнин инфаркты, кант диабети деген оор фондун негизинде жана коронавирустан улам биздин аракетибизге карабастан бул бейтап каза болуп калды».

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталды. Алардын көбү Ош шаарында - 16 адам. Мындан тышкары Бишкек шаарында 11, Нарын облусунда бир адам.

Өлкө боюнча бир сутка ичинде 38 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 18-марттан 2-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1845 адамдан табылды, алардын ичинен 17 бейтап кайтыш болду, 1219 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG