Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Беларустан жана Индиядан 200дөй кыргыз жараны кайтып келди


Минскиден 179 кыргызстандык учуп келди. 2-июнь, 2020-жыл.
Минскиден 179 кыргызстандык учуп келди. 2-июнь, 2020-жыл.

Бүгүн, 2-июнда Бишкекке Беларустан Кыргызстандын 179, Индиядан алты жаранын алып келген учактар конду.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, «Avia Traffic» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек каттамы менен Австрия, Армения, Беларус, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Испания, Нидерланддар, Польша, Украина, Франция, Чехия, Швеция, Швейцария жана Эстония жактагы кыргызстандыктар жеткирилди.

Бул каттамды Кыргызстандын Беларустагы элчилиги Европа өлкөлөрүндөгү өкүлчүлүктөр менен бирге уюштурду.

Ал эми «Air India» авиакомпаниясынын Дели-Бишкек-Дели каттамы боюнча Индиядан алты кыргызстандыкты алып келген учак Кыргызстандагы индиялык жарандарды мекенине алып кетет.

Коронавируска байланыштуу дүйнөлүк пандемия шартында чек аралар жабылып, авиакаттамдар убактылуу токтогон. Кыргыз бийлиги 60ка жакын чет өлкөдө кыргыз жарандары мекенине кайтууга жардам сурап жатканын маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG