Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Дарыгер: Чечмедеги чатакта жабыркаган эки кишинин абалы оор


Кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак. Кадамжай району, Чечме айылы. 31-май, 2020-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак. Кадамжай району, Чечме айылы. 31-май, 2020-жыл.

Кадамжайдын Чечме айылында кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакта жабыркаган эки кыргызстандык Айдаркен шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Алардын биринин башына таш тийгендиктен операция жасалган. Дагы бирине орок сайылган.

Бул тууралуу «Азаттыкка» оорукананын башкы дарыгери Эмил Сулайманов билдирди. Анын айтымында, чек ара чырында жабыркаган дагы эки киши хирургия бөлүмүндө. Алар да таштан жаракат алышкан.

Чыр кыргызстандыктар менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан келип чыкканы айтылган.

Жаңжалдан кыргызстандык 25 жаран түрдүү жаракат алганын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган.

«Озодлик» радиосу жаңжалдан өзбекстандык 16 адам түрдүү жаракат алып, ооруканага кайрылганын Сох районунун тургундарынын маалыматына таянып жазды. Өзбекстан муну расмий бышыктай элек. (JsA)

XS
SM
MD
LG