Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жабыркаган кишинин абалы туруктуу


Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылы. Баткен облусу. 9-май, 2020-жыл.
Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылы. Баткен облусу. 9-май, 2020-жыл.

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Эски-Таш аймагындагы окуяда октон жаракат алганы айтылган кыргызстандыктан абалы туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жолугушуп, иликтөө жүргүзүп жатышат. Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө караганда, кыргызстандык жаранга 2-июнга оогон түнү өз машинеси менен баратканда Тажикстан тараптан аңчылык куралдан 11 жолу ок атылган. Ага эки ок тийген.

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы окуя түнкү саат 01.20 чамасында Ош-Исфана автожолунда болгонун, кыргызстандык айдоочу октон жеңил жаракат алып, Самаркандек айылдык ооруканасына жеткирилгенин билдирген. Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экени кабарлаган.

Тажикстан тарап бул окуя тууралуу комментарий бере элек. (JsA/NT)

XS
SM
MD
LG