Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

Тармактык комитет Икрамовдун демилгесин четке какты


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-июндагы жыйынында «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады. Жыйында депутат Тазабек Икрамов коррупция үчүн соттолгондорду жана алардын жакындарын шайлоого катыштырбаш керек деген жобону бул мыйзамга киргизүүнү сунуштады.

«Коррупция менен бардык жактарда, Жогорку Кеңеште да күрөшүү керек», - деди Икрамов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова азыркы мыйзам боюнча деле бардык беренелер менен соттолгондор президент жана депутат боло албай турганын айтты.

Комитет мүчөлөрү соттолгондордун шайлоого барышына тыюу салган жобо азыркы мыйзамда бар экенин эске салышты. Эми алардын жакындарына да тыюу салуу Баш мыйзамга каршы келет деген негизде Икрамовдун сунушун четке кагышты.

Икрамов иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын макамы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоор 28-майда парламент сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлган.

Анда учурдагы мыйзамга «чет өлкөлүк банктарда жашыруун эсеби болгондор, 319-берене («Коррупция») менен соттолгондор жана алардын жакын туугандары парламент депутаты боло албайт» деген өзгөртүү киргизүү сунушталган. (NT)

XS
SM
MD
LG