Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Орусияда вакцина аскерлерге сынала баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги COVID-19га каршы вакцинаны сынаш үчүн аскерлер арасынан 50 ыктыярчыны тандап алды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары кабарлашты. Вакцина Эпидемиология жана микробиология улуттук борборунда Коргоо министрлигинин илимий изилдөө институтунун катышуусу менен иштелип чыккан. Алгачкы сыноо 3-июнда башталмакчы.

22-майда академик Александр Гинцбург борбордун кызматкерлери болжолдуу вакцинаны өздөрүнө сынап көрүшкөнүн айткан. Бирөө да терс кесепеттерин сезбегенин кошумчалаган академик «бардыгы аман-эсен» деген. Бирок натыйжалуулугу тууралуу маалымат жок.

Вице-премьер-министр Татьяна Голикова орусиялык адистер 47 вакцинанын үстүнөн иштеп жатышканын айткан. Өткөн аптада Москванын мэри Сергей Собянин коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн көрүлгөн чаралар вакцина даяр болмоюнча толук алынбай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG