Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Аксыда үч айыл карантинге алынды


Жалал-Абаддын айылдарына коюлган блокпосттордун бири. Март, 2020-жыл.
Жалал-Абаддын айылдарына коюлган блокпосттордун бири. Март, 2020-жыл.

Аксы районунда Орусиядан «Жүк 200дү» коштоп келген эки тургун менен байланышта болгон үч айылдын тургундары карантинге алынды. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков «Азаттыкка» билдиргендей, айылдагы 31 адам обсервацияга алынган.

Ызабеков: «25-майда Орусияда каза болгон Аксы районунун тургунунун сөөгүн эки тууганы коштоп алып келген. Чет жактан келген тургун сөөктү көмүүгө жана айылга кирип чыгууга уруксат алган. Бир күндөн кийин алардын бирөөсүнөн коронавирус табылгандан кийин дароо ооруканага жаткырдык. Ага чейин ал айылдагы туугандары менен жолугушууга жетишкен. Учурда райондогу Баш-Кашка, Тегирмен-Сай, Товар-Сай айылдары карантинге алынып, бейтап менен жакын байланышта болгон 31 адам обсервацияга жаткырылды. Алардан алынган алгачкы анализдин жыйынтыктарында оорунун белгилери тастыкталган жок» деди.

27-майда блокпосттор коюлган үч айылда 700 кожолукта 2900гө чукул калк жашайт.

Жалал-Абад облусунда 169 адам илдетке кабылган, алардын 156сы толук айыгып чыкты. Учурда 103 адам обсервацияда жатса, көпчүлүгү чет жактан келген тургундар. (RsK)

XS
SM
MD
LG