Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Ички иштер министринин орун басары: Түркия ФЕТО боюнча талап коюп жатат (видео)


Түркия менен Кыргызстандын желектери.
Түркия менен Кыргызстандын желектери.

Түркия менен Кыргызстан ортосундагы укуктук маалымат алмашуу келишими аткарылбай жатат, буга Түркиянын Кыргызстанга койгон «ФЕТО боюнча талаптары» себеп болууда. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Түркияда өлтүрүлгөн уйгур улутундагы Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ишин иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын 2-июндагы отурумунда билдирди:

«Өз ара укуктук жардам боюнча келишим бар. Ошонун негизинде өтүнүч жибергенбиз. Акыркы убакта ФЕТО боюнча талаптарды коюп атышат. Террорчулук уюм дегенчи... «Ошонун өкүлдөрү силерде көбүрөөк жүрөт» депчи. «Ошолорду кармап бергиле» деп. Бизде ал террордук уюм эмес да. Ошол боюнча түшүнбөстүк бар. Прокуратурага материалдарды толук беришпейт. Биз да аткара албайбыз. Издөөдө жүргөн кылмышкерлерди экстрадициялоо маселеси Башкы прокуратура менен келишим аркылуу чечилиши керек. Кээ бир маселелер чечилбей жаткандыктан, бизге да толук жооп бербей атышат».

Түркия 2016-жылы Гүленге жана анын жолун жолдоочуларга таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну талап кылган. Расмий Бишкек алар өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын айтып, эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн.

Расмий Анкара АКШда 20 жылдан бери өз эрки менен бозгунда жашап келаткан түркиялык диний аалым Фетхуллах Гүленди 2016-жылдагы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан.

Түрк бийлиги Гүлендин «Хизмет» кыймылын ФЕТО деп атаган. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган уюмду террористтик деп таанууга чакырган. (NT)

XS
SM
MD
LG