Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

УКМК журналистке каршы көрсөтмө берген эки күбөнү жарыялады


Комиссиянын жыйыны. 2-июнь, 2020-жыл.
Комиссиянын жыйыны. 2-июнь, 2020-жыл.

Кытайдын жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияга УКМКнын тергөөчүлөрү журналистке каршы көрсөтмө берген эки күбөнүн видео көрсөтмөсүн көрcөттү.

Видеотасмадагы эки күбөнүн бири – Эркин Сопоков. Ал Айеркен Саймаити «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакуновго Стамбул шаарында 50 миң доллар бергенин Саймаитиден укканын айткан.

Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков Айеркен Саймаити Стамбулда 10-ноябрда өлтүрүлгөндөн кийин ишинен бошотулуп, кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Буга Саймаити өлгөн жерде Сопоковго таандык дипломаттык номерлүү «Range Rover» автоунаасынын табылганы себеп болгон.

Кийинчерээк Башкы прокуратура, УКМК Кылмыш кодексининин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелеринин негизинде үч эпизод боюнча кылмыш ишин козгогон. УКМКнын өкүлү Рахат Сулаймановдун билдиргенине караганда, Эркин Сопоков учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал 2019-жылы 20-ноябрда кармалып, камакка алынган.

Сопоков консул кезинде дипломаттык номер тагылган өзүнө таандык «Range Rover» үлгүсүндөгү автоунаасын Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге жана башкаларга мыйзамсыз берген, мыйзамсыз жол менен 200 миң доллар тапкан, 47 миллион сомго кыймылсыз мүлк алган, жубайы Стамбулда жашабаганына карабай бюджеттен 30 пайыздык төлөмдү, медициналык жана башка чыгымдарга 31 миң доллардан ашык каражатты мыйзамсыз алып жүргөн деп айыпталып жатканы кабарланган.

УКМК видео далилде көрсөткөн экинчи күбө - Тулобаев Рустам Сатибаевич өзүн «Медина шаарында гид болуп иштейм» деп тааныштырат. Ал тергөөгө "Саймаити Хабибула деген адамдан карызын өндүрүп алуу үчүн «Азаттыкка» документтерди бергенин, ал үчүн «журналистти ыраазы кылам» деп айтканын" укканын билдирген.

Комиссия мүчөлөрү УКМКнын өкүлүнөн «Азаттыктын» журналистинин көрсөтмөсү бар-жогуна кызыгышты. Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек журналист Кыргызстанда болбогонуна байланыштуу суракка чакырылбаганын маалымдады.

Комиссиянын төрагасы, депутат Талант Мамытов журналистке акча берилгени тууралуу маалыматты жаңы жагдай катары белгилеп, бул ишти бейтарап, калыс иликтөө зарыл экенин УКМК кызматкерлерине эскертти.

2-июнда кытай жараны Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отурумунда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек Кытайдын жараны Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген" деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай муну «журналисттерди каралоо» деп баалады.

Эл аралык медианын президенти: «Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. Матраимов мырза журналист Али Токтакуновду жана «Азаттыктын» кыргыз кызматын сотко берип, былтыр декабрда кызматыбыздын банк эсеби камакка алынып, кийинчерээк кайра чыгарылган. Биз чындыкты бурмалаган мындай аракеттерди айыптап, кыргыз бийлигин иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз» деп айтты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG