Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Байден «расалык жарааттарды айыктыра турганын» айтты


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден президент болуп шайланса, «жек көрүүнүн жалынына май тамызбай», өлкө «көптөн бери жапа чегип келаткан расалык жарааттарды айыктырууга» аракет кылууга убада берди.

Күзгү шайлоодо азыркы президент Дональд Трампка демократтардын атынан атаандаш болуп чыгары болжолдонгон Байден 2-июнда ынды кара Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган массалык нааразылык акцияларына кайрылып ушундай билдирүү таратты.

Акциялар негизинен тынч өтүп жатат, бирок айрым жерлерде полиция журналисттерге, демонстранттарга каршы күч колдонгон. Бир катар шаарларда коменданттык саат киргизилди.

Президент Дональд Трамп башаламандыкты токтотуш үчүн армияны колдонорун 1-июнда эскертти. Байден «бул президент - бүгүн мүшкүлдүн бир бөлүгү жана аны тереңдетип жатат» деди.

25-майда Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында жасалма акча менен соода кылат деп шек саналган 46 жаштагы Флойдду кармоо учурунда полиция кызматкери аны тизеси менен моюнунан басып, «дем ала албай атам» деп суранганына карабай, коё бербей койгон. Кийин ал ооруканада көз жумду. Төрт полиция кызматкери жумуштан алынган, кийинчерек Флойдду тизеси менен муунткан кызматкер камалган.

XS
SM
MD
LG