Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Президент УКМКнын төрагасынын орун басарын бошотту


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Жакыпбек Байымбетов кызматынан бошотулду. Буга байланышкан буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин сайты кабарлады. Маалыматка караганда Жакыпбек Байымбетов кызматынан саламаттыгына байланыштуу өз арызынын негизинде кеткен.

Буга чейин коомчулукка комитеттин талдоо жана божомолдоо кызматынын жетекчиси, төраганын орун басары Жакыпбек Байымбетов жыштыктарды сатуунун айланасындагы жаңжалга байланыштуу кызматтан кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «бул маалыматтын чындыгы болушу мүмкүн» деп билдирди:

«Буга чейин дагы бир жетекчи орундагы кызматкери иштен алынып, камалганы тууралуу маалымат бар. Эми төраганын орун басары иштен кеткени ошол жыштык чатагына байланыштуу болушу толук мүмкүн».

Депутат Жанарбек Акаев жыштык сатуудагы коррупциялык ишке өкмөт башчынын катышы жоктугун далилдеши керек экенин парламентте билдирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-майда парламентте жыштык сатууга тиешеси жок экенин, тескерисинче жыштыктарды кайра сатуу маселесин көтөрүп чыкканын билдирген. Өкмөт башчы көп өтпөй кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин жыштык сатуудагы коррупциялык иши үчүн шектүү катары беш киши камакка алынганын, өкмөттөгү айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатканын аскер прокурору Нуркамал Набиев парламентте билдирген.

12-майда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова жыштык сатуудагы коррупция үчүн шектүү катары кармалган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG