Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Чек ара боюнча өкмөттүн маалыматын угуу сунушталды


Баткен облусундагы Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылы. 9-май, 2020-жыл.
Баткен облусундагы Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылы. 9-май, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин 3-июндагы жыйынында депутат Закир Шарапов чек ара маселеси боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматын угууну сунуш кылды.

«Баткенде эл менен жолугушкан учурда Кубатбек Айылчиевич «чек арага байланыштуу маселелер паритеттик комиссиянын тыянагынан кийин гана чечилет» деди. Бирок Өзбекстан тараптын жетекчилери башкача маалыматтарды берип жатат. Ошондуктан бул боюнча Кубатбек Бороновдун маалыматын угуп койсок», - деди Шарапов.

Жыйында депутат Максат Сабиров да чек арадагы абал туруксуз болуп, пандемияга байланыштуу карантиндик абал сакталган жагдайда премьер-министрдин өргүүгө чыгышын сынга алды. Ал өкмөт башчынын аракетин кароону тармактык комитетке тапшырууну спикерге сунуш кылган.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. Өзбекстан 187 жараны жарадар болгонун кабарлады.

2-июнга караган түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Эски-Таш аймагында аңчылык куралдан атылган октон кыргызстандык жаран жарадар болгону расмий маалымдалган. Тажикстандын Чек ара кызматы бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасында карапайым тургундар арасында ок атуу соңку айда экинчи жолу катталды. (NT)

XS
SM
MD
LG