Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Москвада пикетке чыккандар полициянын зордук-зомбулугун токтотууну талап кылышты


Күч органдары бери дегенде 20дай кишини кармап кетишти.
Күч органдары бери дегенде 20дай кишини кармап кетишти.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаардык башкы башкармалыгынын алдында полициянын зордук-зомбулугуна каршы бир канча жарандык активист жалгыздап бир-бирден пикетке чыкты. Күч органдары бери дегенде 20дай кишини кармап кетишти. Алардын арасында «Жарандык коом» кыймылынын басма сөз катчысы Егор Илюшкин, жарандык активисттер Мила Земцова, Лусинэ Минасян, Мария Черных жана башкалар да бар.

Нааразылык акциялары Екатеринбургда Росгвардиянын кызматкерлери атайын операцияда бир канча түрмөк дубал кагазын уурдаган деп шек саналган жаранды атып өлтүргөндөн кийин башталган. Аталган мекеме муну кылмышка шектүү «мылтыкка окшош бир буюмду алардын кызматкерлерин көздөй мээлеп турганы» менен негиздеген.

Москва шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдында буга чейин журналист Илья Азардын тарапташтары анын камалышына каршы жалгыздап пикетке чыгышкан. Журналист «Полициянын акыйкатчысы» сайтынын негиздөөчү Владимир Воронцовдун камалганына каршы пикетке чыкканда кармалган жана 15 суткага камакка алынган.

Москванын полициясы 29-майда шаарда карантин маалында каршылык акцияларына тыюу салынарын, анын ичинде жалгыздап пикетке чыгууга да болбой турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG