Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Ондогон тажик мигранты казак-өзбек чек арасында калды


Тажик мигранттарынын казак-өзбек чек арасында жатканына үч айга чукулдады.
Тажик мигранттарынын казак-өзбек чек арасында жатканына үч айга чукулдады.

Казакстанда иштеп жүргөн, карантин убагында мекенине кайтууну каалаган жүздөгөн тажик мигранттары 10 аптадан бери казак-өзбек чек арасында, «Жибек жолу» өткөрмө бекетинин жанында турушат.

Ара жолдо калган мигранттардын бири «Азаттыктын» тажик кызматына тамак-аштан каржалып, сыз жерде уктап, жуунуп-таранбай жүрүшкөнүн айтып берди:

«Жергиликтүү тургандар азыноолак тамак-аш алып келип берип жатышат. Уктаганга, жуунганга жер жок. Ким эмне берсе ошону жеп күн көрүп жатабыз».

Мигранттар аларга көңүл бөлбөгөнү үчүн тажик бийлигине нааразы болуп жатышат.

Казак жергиликтүү бийлик өкүлдөрү автобекеттин аймагында 260тан ашык жаран жашап жатканын, мигранттар тууралуу Тажикстандын Казакстандагы элчилигине маалымат берилгенин, бирок жооп болбогонун айтышты.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров казак тарап тажикстандык мигранттарды автобус менен алып кетиш үчүн жол ачып берүүгө даяр экенин, Ташкент менен сүйлөшүү болуп жатканын маалымдады.

Март айында коронавирус пандемиясынан улам Казакстан менен Өзбекстан чек араларын жаап койгон эле.

XS
SM
MD
LG