Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

Кабулдагы мечитте бомба жарылып, эки киши мүрт кетти


Мечитиги кол салууда өлгөндөрдүн бири имам болчу.
Мечитиги кол салууда өлгөндөрдүн бири имам болчу.

Бул окуядан бир күн мурда Ооганстандын Кундуз провинциясындагы кол салуу карапайым жети кишинин өмүрүн кыйган.

Бул чабуулдар үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Майдын этегинде «Талибан» кыймылы менен Кабул өкмөтү атышууну убактылуу токтотуу тууралуу макулдашкан жана ооган бийлиги өз ара диалогго кам көрө баштаган.

Ооган президенти Ашраф Гани менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстандагы миссиясы Кабулдагы кол салууну айыптап, анын артында тургандарды таап сот жообуна тартыш керек экенин билдиришти.

Ооган Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Тарик Ариан «Вазир Акбер Хан» мечитинде шейшембиде кечки намаз маалында бомба жарылганда өлгөндөрдүн бири имам экенин, кеминде дагы эки киши жарадар болгонун айтты.

Баштапкы маалыматтарда чет өлкөлүк элчиликтер жана өкмөттүк кеңселер жайгашкан райондогу мечитте жанкечти өзүн жардырып жибергени кабарланган.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

Өкмөт ушул маалга карата жалпысынан 2 700дөй туткунду эркиндикке чыгарды. Ал эми каршы тарап баш-аягы 450 адамды бошотконун апта башында билдирди.

XS
SM
MD
LG