Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Атамбаевди колдогон КСДПнын съездин мыйзамсыз деп таануу тууралуу арыз сотто карала баштады


Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жетекчиси катары катталган Сагынбек Абдрахмановдун арызын кароого киришти. Бул тууралуу 3-июнда «Азаттык» радиосуна Абдрахманов өзү кабарлап, алгачкы отурум жакында болгонун, кийинкиси 10-июнга дайындалганын билдирди.

Анын айтымында, арызды кароо Жогорку соттун райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгаруу тууралуу чечиминен кийин башталды.

«Жогорку сот документтерди карап чыгып, Биринчи май райондук сотуна «кайра карагыла» деп тапшырма берген. Бул биз үчүн чоң жеңиш. Өткөндө биринчи отурум болду. Экинчи тарап келген жок. Кийинки отурум 10-июнда болот», - деди ал.

Сагынбеков партиянын аны колдобогон мүчөлөрүнүн 2019-жылдын 6-апрелиндеги съездин мыйзамсыз деп таануу тууралуу арыз менен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна ошол жылдын жайында кайрылган. Бирок райондук сот быйыл 24-январда арызды «жазып тапшыруу эрежелери сакталган эмес, мамлекеттик төлөм тууралуу кагаздар жана дарек туура эмес көрсөтүлгөндүктөн» деген кароодон баш тартып койгон. Кийин шаардык сот бул чечимди колдогон.

КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги аны 2019-жылдын 18-апрелинде КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министрин жазык жообуна тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан.

КСДПнын мурдагы лидери Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. 2019-жылдын август айында ал «Коррупция» беренеси менен камакка алынган. Ошол эле жылдын жазында, 6-апрелде Бишкекте партиянын Атамбаевди колдогон мүчөлөрү жабык съезд өткөрүп, саясий кеңештин курамы өзгөргөнүн жарыялашкан.

Быйыл 27 майда Атамбаевди колдогон КСДПнын жетекчиси алмашып, эки депутат саясий кеңештен чыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG