Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

ЖАМК Ажиевдин кыйноого кабылганын четке какты


Даниел Ажиев.
Даниел Ажиев.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) «№1 тергөө абагында отурган Даниел Ажиев кыйноого кабылып жатат» деген маалыматтарды төгүндөдү. Мекеме 3-июндагы билдирүүсүндө Ажиевге карата эч кандай басым-кысым колдонулбаганын, ал өзүнүн суранычы менен бир камерада жалгыз отурганын кабарлады. ЖАМК Ажиевдин адвокаттарынан жалган маалыматтарды таратууну токтотушун талап кылган.

Буга чейин Интернетте Даниел Ажиевдин адвокаттары анын тергөө абагында кыйноого алынганын айтып чыгышкан.

Ажиев быйыл март айында «Инстаграмдагы» баракчасына видео жарыялап, колунда жокторго жардам көрсөтүп жатканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөндөн кийин Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча шектүү катары кармалган.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жол кырсыгына катышканын эске салган, ага нааразылык билдирген бир нече видеосун да Интернетке жарыялаган.

Майдын этегинде акыйкатчы Токон Мамытов Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаевге жиберген кайрылуусунда Даниел Ажиевдин бөгөт чарасын караган сотко кылмышка шектүүнүн өзүнүн катышпай калышынын себебин түшүндүрүп берүүнү суранган.​ (NT)

XS
SM
MD
LG