Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Жакупова: УКМКнын «Азаттыкка» каршы «далили» буюртма болушу мүмкүн


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ««Азаттыктын» журналисти иликтөөсү үчүн акча алганын Саймаитиден укканбыз» деген күбөлөрдүн көрсөтмөсү кытайлык ишкер, маркум Айеркен Саймаитинин Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу айткан маалыматтарын иликтөөчү депутаттык комиссияда көрсөтүлүшү бардык тарабынан алганда мыйзамсыз.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы көрсөткөн күбөлөрдүн видео көрсөтмөсүн ушундайча талдады. Юристтин айтымында, күбөлөрдүн көрсөтмөсүн сотко жеткирбей, ачыкка чыгаруу тергөөнүн купуялыгын бузду.

«Буга тергөөчүлөр жол бербеши керек эле, - деди ал. - Айрыкча тергөөчүлөр. УКМКнын тергөөчүсүнүн баары тергөөнүн купуялыгына негизделген. Күбө катары суралгандардын баарынан тилкат алышат. А бул жерде жада калса кылмыш иши жок. Бул эми таптаза жалаа го! Тергөөчү ошондой экенин билип эле турат».

Чолпон Жакупова ушундай мыйзамсыздыкка жол берген тергөөчү азыркы башкаруу системасында эч кандай жоопкерчиликке тартылбай турганын белгилеп, мындай жерде сот, прокуратура жана башка көзөмөлдөөчү тармакта кызматынан кыянат пайдаланууга жол ачыларын айтты.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси ошол эле учурда УКМКнын депутаттык комиссияга Саймаитинин бажы тармагындагы коррупция тууралуу айткандарын иликтеген материалды эмес, коррупцияны коомчулукка айтып чыккан журналисттин ишмердигин иликтеген көрсөтмөлөрдү алып келиши буюртма болушу ыктымал деген оюн айтты.

2-июнда кытай жараны Саймаитинин Кыргызстандын бажы тармагындагы айрым мамлекеттик кызматкерлер байланышкан коррупция тууралуу «Азаттыкка» айткан маалыматтарын иликтеш үчүн Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отуруму өткөн. Анда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек «Кытайдын жараны Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген» деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. «Айеркен Саймаитинин «Азаттыктын» журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз» деген эки күбөнүн видео көрсөтмөсү көрсөтүлгөн. УКМКнын бул аракетин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жарандык активисттер айыптап чыгышты.

Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «"Азаттыктын" кабарчысы акча алган» деген маалыматты «журналисттерди каралоо» деп баалады.

Эл аралык медианын президенти: «Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. Матраимов мырза журналист Али Токтакуновду жана «Азаттыктын» кыргыз кызматын сотко берип, былтыр декабрда кызматыбыздын банк эсеби камакка алынып, кийинчерээк кайра чыгарылган. Биз чындыкты бурмалаган мындай аракеттерди айыптап, кыргыз бийлигин иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз» деп айтты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG