Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Шайназаров: Бирөөнү айыптоодон алыс болушубуз керек (видео)


Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү–Прогресс» фракциясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасына катышканда «бирөөнү айыптагандарга» кошулбай турганын билдирди:

«Кайсы бир адамга күнөө коюп, айыптоонун артында түрдүү максат турушу мүмкүн, ошондуктан, Алиге да, Матраимовго да бирдей көз менен караш керек. Аны деле «700 миллион доллар чыгарып кетти, тигиндей-мындай» деп айыптап атпайсыңарбы? Мына ошондойдон алыс болушубуз керек деп жатам».

Программанын дагы бир катышуучусу, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мамлекеттик кызматкер менен журналисттин жана карапайым адамдын макамы башка болорун унутпаш керек экенгин эскертти.

2-июнда «Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган, кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отуруму өткөн. Анда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек «Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген» деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. Депутаттарга «Саймаитинин «Азаттыктын» журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз» деген эки күбөнүн видео көрсөтмөсү көрсөтүлгөн. УКМКнын бул аракетин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жарандык активисттер айыптап чыгышты.

Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «журналисттерди каралоо» деп баалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG