Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Пхеньян Сеулдан чектеш аймактарга үгүт кагаздарын таштоосун токтотууну талап кылды


Түндүк жана Түштүк Кореянын расмий делегацияларынын жолугушуусу. 22-август, 2015-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт.
Түндүк жана Түштүк Кореянын расмий делегацияларынын жолугушуусу. 22-август, 2015-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Пхеньян Сеулга «үгүт кагаздарын чачуу токтобосо, бардык байланыштар токтойт» деп эскертти. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын төрагасынын орун басары Ким Ё Чжондун талабын борбордук телеграф агенттиги 4-июнда басты.

«Түштүк Кореянын бийлиги аскер тармагында Пханмунжом келишиминдеги шарттарды жакшы билиши керек. Келишимде бардык каршылык чараларга, анын ичинде чек арага үгүт кагаздарын чачууга тыюу салынган. Бул актыны токтотпосо, Сеул Кымгаң тоосуна чыгуу токтотулганы сыяктуу эле Кэсон паркынын талкаланышына же Корея аралык байланыштын бардык түрү токтошуна даяр болууга тийиш», деп айтылган.

2018-жылы 27-апрелде расмий Пхеньян менен Сеул Пханмунжом саммитинин жыйынтыгы боюнча тынчтык декларациясына кол коюшкан. Анда тараптардын гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү, Корей жарым аралын денуклеризациялоо тууралуу жазылган.

XS
SM
MD
LG