Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Кайберенди коргоо боюнча демилге кайра көтөрүлдү


Алай тоолорундагы жапайы эчки.
Алай тоолорундагы жапайы эчки.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Кыргызстанда кайберенди атууга убактылуу тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылышты. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзамдын авторлору 2022-жылдан 2026-жылга чейин аркар-кулжа, бугу, каман жана башка тоо жаныбарларын атууга тыюу салууну сунуш кылышкан.

Мыйзам бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Жапайы жаныбарлардын беш түрүн атууга чектөө киргизген мыйзам долбоору былтыр октябрда да сунушталып, бирок парламентте колдоо тапкан эмес.

Кыргызстанда аркар-кулжанын азыркы болжолдуу саны 20 миңге жакын. Ага аңчылык кылууга уруксат берилген. Дүйнөдө Марко Поло деген ат менен белгилүү кайберенди атыш үчүн 700 миң сом төлөш керек. Ал эми тоо текелерге мергенчилик кылууга уруксат алуунун баасы 100 миң сом.

Өкмөт 2018 жылы 80 кулжа, 320 тоо теке атууга уруксат берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG