Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Балдарга жыныстык тарбия берүүнүн маанилүүлүгү талкууланат


«Онлайн университет» платформасында бүгүн, 4-июнда «Балдардын коопсуздугу, аң-сезимдүүлүк жана жыныстык тарбия» темасында вебинар өтөт. Платформанын Бала жана ата-эне лабораториясы уюштуруп жаткан вебинарда «Жыныстык тарбия деген эмне, эмне үчүн балдар, өспүрүмдөр жана жаштар менен бул темада сүйлөшүү маанилүү? Балдардын коопсуздугун күчөтүүгө жана үй-бүлө курууда аң-сезимдүүлүктү калыптандырууга кантип жардам бере алабыз? Кыргыз маданиятында жыныстык тарбиянын орду барбы? Маданиятыбызга ылайык жыныстык тарбияны кантип бере алабыз?» деген суроолор талкууланат.

Вебинардын спикери Гүлмира Алдакеева 2005-жылы Борбор Азиядагы Америка университетинен маданий жана коомдук антропология боюнча бакалавр болгон. Германияда Байройт университетинде ушул эле адистик боюнча магистратураны аяктаган. Чыгыш Африкада Нигер мамлекетинде молдолордун жашоосу жөнүндө изилдөө жүргүзгөн. Учурда медицина кызматкери катары окуусун улантып жатат.

«Онлайн университеттин» Бала жана ата-эне лабораториясы муундар арасындагы байланыш, үй-бүлө, ата-эне, балдар маселелери, анын ичинде балдарды китепке, искусствого кызыктыруу жана технология заманында алардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алып тарбиялоо маселелери боюнча кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

Кыргызстанда соңку жылдары кыздар аянычтуу тагдырга туш болбош үчүн балдарга жаштайынан жыныстык тарбия берүү зарыл экенин адистер айтып жүрүшөт.

«Онлайн университет» платформасынын курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандык мекендештерден жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG