Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Депутат коронавирус тууралуу так маалымат берүүнү талап кылды


Кыргызстан. COVID-19 жугузуп алган бейтаптар менен иштеген дарыгерлер лабораторияда.

Парламенттин 4-июндагы жыйынында депутат Эмил Токтошев коронавирус пандемиясынын очогу тууралуу элге туура, так маалымат берүүнү өкмөттөн талап кылды. Депутат илдетке каршы күрөшүү фондуна топтолгон акчанын кайда, кантип жумшалганы тууралуу да маалымат сурады.

«Оору боюнча күнүгө чыгып маалымат берип жатасыздар. Бирок илдетке кабылгандардын саны гана айтылып, башка жагдайлар тууралуу сөз жок. Байкаганыбыздай илдет азайган жок, абал оор боюнча сакталууда. Эмне үчүн оорунун чыккан жерин айтпай жатасыңар? Эгер толук маалымат берсеңер, эл өзү сактанмак».

Саламаттык сактоо министрлигинин 4-июнга карата маалыматы боюнча, Кыргызстанда коронавирус 1899 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1292 бейтап айыгып чыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен көпчүлүк аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган. (NT)

XS
SM
MD
LG