Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Жамил Шаршеналиев Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында Жамил Шаршеналиев Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланып, ант берди. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин 2-июндагы жыйынында жактырылган.

Жыйында Шаршеналиев 42 жашта. Өзү 2015-жылы сот тандоо сынагына катышып, өтпөй калганын, Кыргыз мамлекеттик юридика академиясында иштей турганын билдирген.

Конституциялык палатага судьяларды тандоо сот тандоо кеңешинин сынагынан өткөн соң, президенттин, андан кийин парламенттин кароосуна сунушталат. Конституциялык палатанын 10 мүчөсү бар. (NT)

XS
SM
MD
LG