Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:30

Музей жана ипподром иши: Прокуратура Исаковду эркинен ажыратууну, Карыбаеваны айыппул төлөтүүнү суранды


Бишкек. Улуттук тарых музейи.

Прокуратура мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкектеги Улуттук тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо боюнча 247 миллион сом айыппул төлөп, жалпысынан мурдагы өкүмдөрүн кошкондо 20 жылга эркинен ажыратылышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу көзөмөл органы 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан отурумда билдирди.

Ал эми президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага коюлган берене өзгөргөндүктөн прокурорлор аны эркинен ажыратпастан, айыппул төлөтүүнү соттон өтүнүштү.

Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Бакыт Автандил уулу билдирди:

«Исаковго музей жана ипподром үчүн мурдагы ЖЭБ иши боюнча өкүмдү кошкондо жалпы 20 жыл сурашты. Карыбаевага тергөөнүн башында «Коррупция» деген берене коюлган, аны прокуратура «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» деп өзгөрткөндүктөн 260 миң айыппул сурашты. Биз бул иштин саясий өңүтү бар деп эсептейбиз. Анткени Исаков Жээнбековго каршы сүйлөгөн».

Музей жана ипподром иши боюнча жалпысынан алты адам соттолууда.

Музейдеги коррупция тууралуу расмий түрдө 2018-жылы айтылган. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет дээрлик 102 миллион сом зыян тартканын, айып коюлгандардын күнөөсү бар экенин билдирген.

Сапар Исаковго буга чейин Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоо ишине байланыштуу да өкүм чыккан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG