Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев үй камагына чыкты


Нурбек Айбашев.
Нурбек Айбашев.

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев үй камагына чыгарылды. Анын бөгөт чарасын ушинтип өзгөртүү тууралуу чечим Бишкектин Октябрь райондук сотунда 3-июнда кабыл алынганын «Азаттыкка» шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) быйыл февраль айында Айбашев №1 тергөө абагында отурганын маалымдаган.

Нурбек Айбашевди 2018-жылы 25-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын адистери кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айып коюлган.

Тергөө учурунда Айбашев Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келген компанияларга көмөктөшкөнү аныкталган. Ишти Октябрь райондук соту карап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG